Жансыз дене толук көмүлбөй калып, карга-кузгун жеп койгон. Жалал-Абадда дайынсыз болгон аялдын өлүмүнө шектүүлөр кармалды

Жалал-Абад шаарында дайынсыз болуп жаткан Бахтигул Базарматованын жансыз денеси таштандыда киши колдуу каза болуп, көмүлгөн жеринен табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

26-ноябрь күнү Жалал-Абад шаарынын 36 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 25-ноябрь күнү саат 15:30 чамасында жубайы 1978-жылы туулган Базарматова Бахтигул Сабировна Жалал-Абад шаарынан кызы менен коштошуп, үйүн көздөй кеткен боюнча үйүнө кайтып барган эместигин билдирген. Жалал-Абад ОИИБинин жетекчилигинин көзөмөлү астында тиешелүү иш-чаралар уюштурулган.

Жалал-Абад ОИИБинин жана Жалал-Абад ШИИБинин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 6-декабрь күнү дайынсыз болуп жаткан Бахтигул Базарматова киши колдуу болуп өлтүрүлгөн деген ыкчам маалымат алынган. Бул өзгөчө оор кылмыштын бетин ачуу максатында шек жараткан эки атуул аныкталып, ошол эле күнү жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында шектүүлөр кармалган. Алар 1981-жылы туулган Жалал-Абад шаарынын тургуну Х.И. жана Сузак районунун тургуну 1993-жылы туулган П.Ш. аттуу жарандар болушкан.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр 25-ноябрь күнү сырттан тааныш болгон маркум аялга жолугушуп, саат 16:30 чамаларында Тойота-Авенсис унаасы менен Жалал-Абад шаарынын четиндеги ээн талаага алып барып, андан акча сурашкан. Маркум акча жок экендигин айткандан кийин шектүү И.Х. өзүнүн унаасында турган сүлгү менен аны муунтуп өлтүрүп, көтөрүп жүргөн сумкасындагы 32 миң сом акчасын жана тагынып жүргөн алтын буюмдарын алып, телефонун ыргытып жиберишкен.

Ал эми маркумдун жансыз денесин Жалал-Абад шаарынан 60-чакырым алыстыкта жайгашкан Сузак районунун Чангет-Сай дарыясынын жээгиндеги таштандыга көмүп коюшкан. Бирок ушул аралыкка чейин жансыз дене толук көмүлбөй ачык калган бөлүктөрүн карга-кузгун жеп койгондугу аныкталып, жансыз денеге карата тиешелүү экспертизалар дайындалган. Шектүүлөр жогорудагы жасаган кылмышын моюнуна алышып, окуя кандай болгондугу тууралуу жана жансыз денени көмүп койгон жерин көрсөтүп беришкен. Сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Буга чейин Бахтигул Базарматова 25-ноябрь күнү саат 15:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин жана Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде кызы менен коштошуп, үйүн көздөй кеткен боюнча дайынсыз болуп изделип жаткан.

Жалал-Абадда дайынсыз болгон аялдын өлүмүнө шектүүлөр кармалды
Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан аялдын өлүмүнө шектүүлөр кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Arai92
2020-12-07 16:09:53
Акмактар
+7
Бермет Шералиева
2020-12-07 16:12:31
байкуш аял...
+5
Nur-sultan
2020-12-07 16:35:02
Сакал коюп Алладан кечирим сурасаңар. Кечирет.
-15
Nur-sultan
2020-12-07 16:39:35
Себеби ушуга окшош адам өлтүрүү фактысы менен түрмөгө түшкөн бир тааныш азыр сакал өстүрүп, кечке таспи тартып соопторду "кырып" таапатат имиш... (кылмыш деле кылбай, "кечирим сурабай" эле жөн көтүңөрдү кысып журбөйсүңөрбү акмактар
+7
bond02
2020-12-07 18:46:37
Кучунор бир аялга жеттиби? Алты санынар аман, ден соолугун чын эле немелер экен адал эмгек менен эле тирилик кылбайсынарбы.
+9
bayern-munchen
2020-12-07 18:58:32
озбектер экен кылмышкерлер булар мыкаачы келишет тем более кучу жеткендерге ото мыкаачы кордук го Ош окуясында
+5
SHahabidin-jabborov
2020-12-07 21:03:59
bayern-munchen,мындай кылмышкерлер бардык улуттарда бар!Алар адам эмес .....
0
bayern-munchen
2020-12-07 22:03:41
SHahabidin-jabborov,кой сен антип актанба кордук сага озбектердин жузун 10 жыл мурун айтчы акыйкат учун Аллах коруп турат Ош окуясын ким баштады озбекби же кыргызбы эгер ошнчолук эле вопросторун болсо жаз номерини суйлошуп койолу
0
ika8086
2020-12-07 21:29:47
эки дуйнодо кор болушсун сакалына сайылгыр шакалдар.Кордолуп-кордолуп омурунун аягына чейин кыйналып отсун.Турмодо тозоктун тозогун корушсун.
+3
bratanyn
2020-12-07 22:14:52
Буларды да ит аткандай атып ошол таштандыга таштап коюш керек.Жору кузгунга жем кылып.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан