Бүгүн, 7-декабрда Баткен облусунун Баткен районунун Чоң-Талаа айылында жайгашкан орто мектеп күйүп кетти. Анын кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор катталган жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатканын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Нөөмөт бөлүмгө өрт тууралуу билдирүү түшкөндөн кийин 1 бөлүм саат 08:06да чыгып, саат 09:27де өрттү курчоого алышкан. Кошумча чакырылган экинчи бөлүм өрт өчүрүлгөнгө байланыштуу жолдон кайткан.
Мектеп имараты 1 кабаттуу 4 корпустан турат. Өрттүн аянты 225 чарчы метрди түздү. Өрттөн имараттын чатыры, полу, шыптары, эшик, терезелери жана ичиндеги окуу парта, стулдары өрттөнүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 4 корпустун бирөө күйгөн, калган 3 корпуска өрттүн жайылышына жол берилген жок", - дешти мекемеден.