Сузак районунда унаа уурдаганга шектелген жарандар кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда унаа уурдаганга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-ноябрга караган түнү Сузак районунун Сузак айылынын тургунуна тиешелүү Дэу-Тико унаасын белгисиз жарандар аталган райондун Кызыл-Жар айылында жайгашкан устакананын айнегин сындырып кирип, айдап кетип калышкан.

Аталган факты Сузак РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Бүгүн, 7-декабрда Сузак райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан кылмыштын бети ачылып, шектүү катары ошол эле айылдын 2002-жылы туулган Х.З., 2001-жылы туулган Д.Ж. жана 2000-жылы туулган Н.Х. аттуу тургундары кармалган. Алар буга чейин автоунааны бекитип коюшуп бүгүн, 7-декабрда Сузак районунун Барпы айылына унаа тетиктерин сатуучу жайга алып бара жаткан жеринен кармалышкан.

Учурда шектүүлөр Сузак РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurbek-1982
2020-12-07 22:49:05
Не эле болуп атат туугандарга Адам олтуруп машина уурдап
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан