Бишкекте жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-декабрда болжол менен саат 01:45 чамасында белгисиз айдоочу унаасы менен Тыныстанов жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинен болжол менен 45-50 жаштагы аял кишини сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен ал ошол жерден көз жумган.

Бул факты боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп, жыйынтыгында кылмышка шектүү катары издөө бөлүмү тарабынан Субару-Форестер үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу, 1996-жылы туулган М.С. аттуу жаран кармалган.

Ал Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Almazhhhh
2020-12-07 21:13:43
Пешехот корунгон жерден отконду токтотолучу!Мал эмеспизго акыры.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан