Өзгөндө 25 жаштагы айдоочу велосипед тээп бара жаткан адамды өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен

Ош облусунун Өзгөн районунда велосипед тээп бара жаткан адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-декабрга караган түнү саат 02:20 чамасында Куршаб айыл аймагында белгисиз айдоочу унаасы менен велосипед тээп бара жаткан адамды сүзүп кеткен. Жабырлануучу 60 жаштагы С.М. аттуу жаран болгон. Ал окуя болгон жерден каза болгон.

Ал эми айдоочу 6-декабрь күнү Ош шаарынын аймагынан кармалган. Ал Араван районунун 25 жаштагы М.А. аттуу тургуну болгон. Качып кеткен айдоочу Мерседес-Бенц-Спринтер үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жаткан убакта жол кырсыгына кабылган.

Өзгөн РИИБинин тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KaGaH
2020-12-08 11:36:43
Өлтүрө сүзүп,))))) машина сүзүп ал адам ошол жерден каза тапты деп жазсаңар болот го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан