Бүгүн, 8-декабрда Чүй облусунун Новопавловка айылында Мицубиси жана Ниссан үлгүсүндөгү унаалар кагылышып, бир адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматкери Темирлан Мирсадык уулу билдирди.
"Жол кырсыгы болжол менен таңкы саат 4:30дар чамасында катталган. Жол кырсыгынан бир адам каза болуп, эки адам ооруканага жаткырылды. Азыркы учурда каза болгон адам кайсы машинада болгондугу такталууда", - деп билдирди ал.
Учурда жеринде Сокулук райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү иш алып барууда.