Радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү. Көгүлтүр экрандын бизге таанымал болгон жүздөрү жана үндөрү

8-декабрь - Кыргыз өлкөсүндө радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү. SUPER.KG порталы өмүрүн теле жана радиого арнаган белгилүү диктор жана ди-джейлер тууралуу кыскача маалымат чогултту. Көпчүлүгүбүз бала чакта дал ушул инсандарды көрүп, аларды далай жолу туурап ойногон чыгарбыз.

Телевидение десе эле көпчүлүгүбүз легендарлуу алып баруучу жана диктор Бактыбек Мамытов менен Гүлшан Молдоеваны элестетсек керек. Белгилүү алып баруучу, диктор Батыбек Мамытов 1950-жылы 3-мартта Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын улуусу. Жубайы Жамиля менен 47 жылдан бери түтүн булатып, уул-кыздарды тарбиялап келишет.

Бактыбек Мамытов теле жана радионун босогосун 21 жашында аттаган. Ошондон бери чыгармачылык менен алектенип, азыркыга чейин Коомдук телерадиоберүү корпорациясында эмгектенип келет. Ал теле жаатына диктор керек деген жарыяны окуп калып, сынакка катышып дароо өтүп кеткен. Андан бери 40 жылдай убакыт өтсө дагы бүгүнкүгө чейин үзүрлүү эмгектенип келе жатат.

Ал маданиятка кошкон салымы үчүн көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. Атай кетсек, 2010-жылы Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн отличниги, 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 2006-жылы Даңк медалы жана башка бир катар сыйлыктардын ээси.
Гүлшан Молдоева диктор Жолдубай Кайыпов менен.
Көгүлтүр экрандын көркү болуп кубулган Гүлшан Молдоеванын ысымын укканда көпчүлүгүбүз балалык чагыбызды эстесек керек. Азыр жашы 60тан ашып калса да сулуу жүзү, күлмүңдөгөн көзү баягы алгач биз көргөндөй дале жаш. Ал Ысык-Көл облусунун Темир айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 11 бир туугандын төртүнчүсү. Мектепти аяктаган соң Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер окуу жайында музыкалык факультетте билим алган. Кийин радиого сынак менен жумушка орношкон. Кыргыз телевидение, радиосуна 40 жылдык өмүрүн арнаган.

Маданияттын эмгек сиңирген ишмери, "Даңк" медалынын жана башка бир катар сыйлыктардын ээси.

Белгилүү алып баруучу Турусбек Жумалиев десе эле көпчүлүгүбүз "Кош жылдыз" берүүсүн эстесек керек. Ал 1959-жылы 28-июлда Кемин районуна караштуу Чоң Кемин айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 8 бир тууган. Бүгүнкү күндө "Арт өнөр" аттуу студиясын ачып, жаштарга өз тажрыйбасы менен бөлүшүп келет. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген эл артисти жана башка көптөгөн сыйлыктын ээси.

Экран алдындагы миңдеген көрөрмандарын жаңылыктар менен кабардар кылып, жагымдуу жылмайган Кыял Шаршеева да теленин жүзү. Коңур үндүү Кыял айым 1982-жылы Жети-Өгүз районуна караштуу Балтабай айылында жарык дүйнөгө келген. Телеге жолдошу драматург Кайрат Иманалиевдин сунушу менен барып көрүп, дикциясы жакшы деп жумушка алышкан.
"КТРКнын отличниги", "2012-жылдын мыкты алып баруучусу" жана башка жетишкендиктери бар.

Көңүл ачуучу музыкалык оболордун биринде жагымдуу үнү менен угармандарга жагымдуу маанай тартуулаган ди-джей Чыңгыз Мырзаев 1983-жылы Кадамжай районуна караштуу Орозбеков айылында туулган. Ал 9-классты аяктап Жалал-Абаддагы Барпы Алыкулов атындагы маданият техникумуна тапшырган. Учурда үй-бүлөлүү, уул, кыздары бар.

Чыңгыз Мырзаев радиодон сырткары КТРКда "Замана", "Арноо концерти" жана башка бир катар берүүлөрдү алып барганы менен элге таанылган.

Нурзат Токтосунова 1983-жылы 2-июлда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ичке-Суу айылында жарыкка келген. Мектепте өткөрүлгөн кыргыз тили боюнча олимпиаданы жеңип алып, Эл аралык Ататүрк-Алатоо университетинин эр аралык мамилелер факультетине тапшырган. 2012-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетинин социалдык маданий ишмердүүлүк факультетин, кийин Ишенаалы Арабаев атындагы окуу жайда аспирантураны бүткөн.

Телевидениеге кастинг аркылуу келген. 2005-жылы биринчи жолу эфирдин босогосун аттаган. Улуттук "Хит-парад" музыкалык программасында жарым жыл иштегенден кийин жеке фирмада эмгектенип калат. Андан соң "Браво" программасында сегиз ай иштеген.

Эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө болуп, теле жана радио тармагында үзүрлүү эмгектенип келген, эмгектенип жаткан бардык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, иштерине ийгилик каалайбыз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Tolik555
2020-12-08 17:37:46
Чынара Капарова дагы теленин жузу.
+4
Lordbek
2020-12-09 00:30:34
Tolik555, хаай келтиресин да
+1
Almazhhhh
2020-12-08 18:07:56
Куттуктайбыз чын журоктон.
+1
Umar7
2020-12-09 16:09:55
Эң алгачкы теленин жүзү Адахан Мадумаров болгон унутпагыла!
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан