Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сыны айылындагы мамлекеттик бала бакча толугу менен күйүп кетти. ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлагандай, өрт 7-декабрда катталды.
"Жалпы аянты 750 чарчы метр болгон “Айданек” мамлекеттик бала бакчасы толугу менен күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда. Кырсыктан жабыркагандар жок", - дешти министрликтен.