Экономикалык кылмаштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан бюджеттен 13 миллион сом акча каражатынын уурдалышы боюнча сотко чейинки өндүрүштүк ишинин негизинде Эсеп палатасынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча инспектору А.К. кармалды. Маалыматты SUPER.KG'ге Финполдун басма сөз кызматы тастыктады.
Белгилүү болгондой, аталган кылмыш ишинин негизинде буга чейин "С.Т." жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси П.Т. кармалган.
"Ош шаарынын Кеңсай конушунун жолдорун куруу үчүн аталган жоопкерчилиги чектелген коом менен келишим түзүлүп, 42 миллион 900 миң сомдон ашык акча каражаты которулган. Бирок, объект өз убагында ишке берилбей, бүтпөй калган жумуштун баасы 13 миллион сомду түзгөн", - деп айтылат маалыматта.
Тергөө иштери уланууда.