Кара-Балтада белгисиз адамдар милиция кызматкерлерин сабап кетишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-декабрь күнү саат түнкү 2:40тар чамасында Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Балта шаарында жайгашкан караоке-барлардын биринин жанында жаштардын мушташы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
"Бул факт боюнча окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барганда алар дагы деле өз ара мушташып жаткандыгына күбө болушкан. Милиция кызматкерлери аларды тынчытууга аракет кылганда, белгисиз адамдар аларга кол салышкан. Натыйжада эки милиция кызматкери денесинен ар кандай жаракат алган. Алар тынчып калбагандыгына байланыштуу милиция кызматкерлеринин бири кызматтык куралдан асманга бир жолу эскертүү иретинде ок чыгарган.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, аталган кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган И.Ш. аттуу жаран кармалып, Жайыл РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген", - деп билдирди Чүй ОИИБинин маалымат кызматы.
Тергөөнүн алдын-ала маалыматы боюнча, кылмыштын келип чыгуусуна эки адамдын мас абалындагы чыр-чатагы түрткү болгон, анын кесепетинен бир нече адамдар мушташып кеткен.
"Азыркы учурда тергөө кызматы жаңжалга катышкан адамдарды суракка алуу иштерин улантууда. Бардык тийиштүү экспертизалар дайындалды. Ошол эле учурда Жайыл РИИБинин милиция кызматкери бейбаштыктын натыйжасында бычактан жаракат алгандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбээрин билдиребиз", - деп жазылат маалыматта.