Кыргызстандык спортчулар ардагерлер арасындагы самбо боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышат
Кыргызстандык спортчулар 4-6-октябрь аралыгында Болгариянын Бургас шаарында өтүүчү самбо боюнча ардагерлер арасында Дүйнө чемпиондугуна катышат. Кыргызстандын атынан аталган мелдешке 7 спортчу ар кандай жаш курак жана бир нече салмак чен бирдиктеринде катышат. Алардын арасында буга чейинки мелдештерде байгелүү орунду ээлеп келген Эркинбек Үмөталиев, Абакир Рысов, Самидин Белеков жана Иличбек Чокеев бар.