Телеалпаруучу, тамада Максат Довранов үлпөт көйнөкчөн кыз менен чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялап, "той эле болсунчу" деген билдирүүсүн интернеттеги жеке баракчасына калтырды. Айрым окурмандары аны куттуктап, жакшы тилектерин калтырса, айрымдары суроо салды. SUPER.KG порталы Максат мырзага байланышып, күмөн санаган күйөрмандарынын суроосуна жооп алдык.
Учурда Москва шаарында жумуштары менен жүргөн алып баруучу сулуулук салондун жарнамасына тартылганын айтат.
"Москвадагы сулуулук салондордун биринин жарнамасына тартылдым. Ал эми сүйүктүүм экөөбүздүн тоюбуз негизи декабрь айына пландалган. Бирок белгилүү себептерден улам 2021-жылдын февраль айына жылдырылды", - дейт ал.
Жай мезгилинде Максат мырза сүйүктүүсүнүн сүрөтүн жарыялап, карантин алынса баш кошо турганын билдирген.