Кызыл-Кыяда уурулукка жана тоноочулукка шектелгендер кармалды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында милиция кызматкерлери 2 уурулуктун, 1 тоноочулуктун бетин ачты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-ноябрь күнү Ноокат районунун 30 жаштагы тургуну Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылында жайгашкан мончодо Redmi NOT 8 үлгүсүндөгү телефонун жоготконун айтып, арыз жазган. Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Бул боюнча Ноокат районунун 18 жаштагы Р.Э. аттуу тургуну Кызыл-Кыя шаарында жүргөн жеринен аныкталып кармалган.

Ушул эле жылдын 29-ноябрында Кызыл-Кыя шаарынын 24 жаштагы тургунунун дүкөнүн айнегин сындырып кирип, 17 миң 650 сомдук кийимин белгисиз аттуулдар уурдап кеткен.

Ошондой эле, 28-ноябрь күнү Кызыл-Кыя шаарындагы базарда 18 жаштагы тургундун колундагы Samsung A40 үлгүсүндөгү телефонун Б. аттуу жаран тартып алып, изин жашырып кеткен. Жогорудагы катталган кылмыштар боюнча Кызыл-Кыя ШИИБи иликтөө иштерин жүргүзүп, 17 жаштагы А.Я. аттуу тургун кармалган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө уурдалган мүлктөр өз ээлерине кайтарылып берилген. Азыркы күндө жогорудагы фактылар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан