Ырчы Асел Кадырбекова апасы ооруп калганын, учурда ал ооруканада жатканын социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыкты. Анда ырчы бул жыл апасы үчүн оор болгонун айтат.
"Балаңдын катуу ооруп жатканын башыңдан өткөрүү оңой эмес. Апам мага өмүрүн, жаштыгын арнады. Жалгыз! Учурда ал ооруканада, анын эртерээк сакайып кетишин тилеп коюңуздарчы", - деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми ырчынын жолдошу Нурлан Насип кайненеси жыл сайын дарылануу курсунан өтөрүн айтып, учурда ооруканада дейт.