Бишкекте бейбаштык кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-декабрда болжол менен саат 06:00 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына 12-кичи районунда жайгашкан "Альбатрос" мончосунда мас жаран ызы-чуу салып жатат деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, мончого келген эки кардар мас абалында ызы-чуу салып жаткандыгы аныкталган. Ошондой эле кайгуул кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбей каршылык көрсөтүшкөн. Милициянын кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринен улам кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 1993-жылы туулган Р.Ч. жана 1993-жылы туулган Э.А. аттуу эки жаран кармалып, Октябрь РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүп беришкен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.