"Бир эле мектеп бюджетке 2 миллион сомдой зыян келтирген". Ошто салык төлөөдөн качып, кылмыштуу схема түзгөн автомектептер аныкталды

Ошто салык төлөмдөрүн төлөөдөн качып, кылмыштуу схема түзгөн автомектептер аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Финансы полициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мамлекеттик бюджетке зыян келтирүү фактыларын аныктоого багытталган тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда өзгөчө ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качуу фактысы аныкталды.

"Ош облусунун Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорундагы автомектептердин “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын электрондук сайты боюнча экономикалык ишмердигине салыштырмалуу талдоо жүргүзүлүп, жыйынтыгында айдоочулук күбөлүк алгандар (контракттар) жөнүндө маалыматтар менен Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы берген маалыматтардын жылдык отчёт боюнча айырмачылыктар табылды.

Натыйжада "А. П." жоопкерчилиги чектелген коому мамлекеттик бюджетке 2 миллион сомго жакын зыян келтиргени аныкталды. Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Учурда республиканын бардык аймактарында ушул сыяктуу фактыларды аныктоо, ошондой эле мамлекеттик бюджетке каражаттарды кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатат", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aslonur
2020-12-09 10:28:53
Азаматсыздар, Аллахым ишиңиздерге ийгилик берсин, ден соолук, өмүр берсин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан