Бишкекте түн ичинде жол кырсыгы катталды. Бактыга жараша жабыр тарткандар жок деп билдиришти Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан.
Маалыматка ылайык, автокырсык 9-декабрга караган түнү саат 03:40 чамасында Курманжан Датка жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде орун алды.
Анда Мерседес-Бенц 300 жана ВАЗ 2115 унаалары сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен бир жеңил унаа оодарылып калган. Учурда жол кырсыгы боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, унаалар айып короосуна токтотулганы белгилүү болду.