Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору кармалды

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору кармалды. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында мыйзамсыз акча чогултуу фактысына жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Б.К.нын тиешеси бар экендиги такталып, кармалган.

Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде ал 7-декабрда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан