Ош шаарындагы үйлөрдүн биринин балконунан баштыкка оролгон наристенин жансыз денеси табылган. Наристеге карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган анын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Ош ШИИБинин маалымат кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
"Экспертизанын жыйынтыгы боюнча наристе өлүү төрөлгөн. Тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - деди басма сөз кызматынан.
Окуянын чоо-жайы:
Милицияга 1992-жылы туулган жаран 2-ноябрда кабар берген, анда ал үйдү тазалап жатып, балкондон баштыкка оролгон наристени таап алган. Андан соң милицияга дароо кабар берген. Кыз териштирүүдө бала өлүк төрөлгөндөн улам коркуп кетип, баштыкка ороп койгонун айткан. Андан соң кыз милиция кызматкерлерине мурда зордукталганын айтып арыз жазган.