Бүгүн, 10-декабрга караган түнү Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычтагы акыркы 6-турдук оюндары өттү. Тайпалык баскычтагы жалпы 32 команданын ичинен 16 команда турнирдин 1/8 финалына өттү.
1/8 финалга өткөн командалар: "ПСЖ" (Франция), "Лейпциг" (Германия), "Барселона" (Испания), "Ювентус" (Италия), "Боруссия Дортмунд" (Германия), "Лацио" (Италия), "Челси" (Англия), "Севилья" (Испания), "Ливерпуль" (Англия), "Аталанта" (Италия), "Порту" (Португалия), "Манчестер Сити" (Англия), "Реал Мадрид" (Испания), "Боруссия Менхенгладбах" (Германия), "Бавария" (Германия), "Атлетико Мадрид" (Испания).
Плей-оффтун биринчи турдук оюнуна чүчү кулак аземи 14-декабрда болот. 1/8 финалдын алгачкы беттештери 16, 17, 23 жана 24-февралга, ал эми жооп оюндары 9, 10, 16 жана 17-мартка белгиленген.