"Буга чейин да уурулук менен алектенип келишкен". Чүйдө уурулукка шектүү жарандар кармалды

Чүй облусунун Сокулук районунда уурулукка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматька ылайык, Сокулук РИИБине Шопоков шаарынын 28 жаштагы Ш.Э. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылган. Анда 4-декабрга караган түнү сарайынан майда мал-жандыктарын белгисиз адамдар уурдап кеткен. Келтирилген материалдык чыгым 20 миң сомду түзгөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын натыйжасында милиция кызматкерлери бул кылмыш бир топ адамдар тарабынан жасалганын аныкташып, ал топ уурулук иштери менен алектенип келгенин такташкан. Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип, 30 жаштагы А.Я. 34 жаштагы Р.Я. жана 23 жаштагы Б.З. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Кармалган жарандар жашаган жерден велосипед, ширетүүчү аппарат жана башка буюмдар алынган. Бүгүнкү күндө кармалган жарандардын Сокулук районунун аймагынан бир нече кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталган", - деп жазылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан