"8 миллион сомдон ашуун каражат өндүрүлдү". Саламаттыкты сактоо мекемелеринде коронавирустук илдетке каршы күрөшүүдө 693 мыйзам бузуу фактысы аныкталды

Прокуратура органдары Саламаттыкты сактоо мекемелеринде коронавирустук илдетке каршы күрөшүү учурунда 693 мыйзам бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан маалымдашты.

"Быйылкы жылы текшерүүлөрдүн басымдуу бөлүгү саламаттыкты сактоо мекемелеринде жүргүзүлүп, жыйынтыгында 693 мыйзам бузуулар аныкталды. Мыйзам бузууларды четтетүү максатында 369 прокурордук чара көрүү актылары түзүлүп, 314 адам тартиптик жоопкерчиликке тартылып, мамлекеттин эсебине 8 миллион 331 миң 383 сом өндүрүлдү.

Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 34 материал катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Аныкталган мыйзам бузуулар мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын коррупциялык укук бузууларды жасоо, мамлекеттик сатып алууларды мыйзамдын талаптарын бузуу менен жүргүзүү, коомдук саламаттыкты сактоо жана медициналык кызматкерлердин кепилденген укуктарын талаптарын бузуу менен байланыштуу", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан