"Женго" деген каймана аттуу кримтөбөлдүн бандасынын мүчөлөрү уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлүгүнөн баш тартышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, сотко чейинки өндүрүштүк иштин жүрүшүндө "Женго" каймана аты менен белгилүү болгон Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу топторунун активдүү мүчөлөрү З.Ж. жана И.М. кармалган.
"Кармалган жарандар менен профилактикалык иш-чаралар өткөрүлүп, алар кылмыштуу топтордун мүчөлүгүнөн баш тартып, мындан ары мыйзам ченемдеринен чыкпоого милдеттендирилди", - деп айтылат маалыматта.
Уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча иш-чаралар уланууда.