Ырчы Элзада Насипбекова: "Жолдошум август айында үйлөнүү сунушун киргизип, сентябрда баш коштук"

Ырчы Элзада Насипбекова жакшы бүлөгө келин болгонун социалдык тармактагы баракчасына жазып, билдирүү калтырды. Бул билдирүүдөн кийин Элзада айымдын күйөрмандары бакыт каалап, ошол эле учурда "кимге турмушка чыктың?" деген суроолорун дагы жашырышкан жок. SUPER.KG порталы ырчы менен байланышып, үй-бүлөлүк жашоосу тууралуу кыска маалымат алдык.

Элзада айым ушул жылдын сентябрь айында турмушка чыкканын айтат.

"Жолдошум менен мындан 2 жыл мурда бир жакшылыкта кезигип, таанышып калганбыз. Экөөбүздү жакындарыбыз атайын тааныштырган. Ошондо бири-бирибиздин байланыш номерлерибизди алып, 1 жылдай ал-жай сурашып жүрдүк. Жылдызыбыз келишти окшойт, сүйлөшүп калдык. 2 жыл ичинде бири-бирибизди сынадык. Быйыл август айында ал мага үйлөнүү сунушун киргизип, ата-энелерибиз таанышып, сүйлөшүштү.

Ошко келин болдум, учурда жолдошум, уулум болуп Бишкекте турабыз. Жолдошумдун уулум Даниелге болгон мамилеси жакшы болгону баш кошконго макулдугумду берүүгө себеп болду. Азыр ал уулума өз атасындай эле мамиле жасап, тарбия берип, окутуп жатат.

Жолдошум мени чыгармачылык жактан чектебейт. Экинчи клибимди тартуу процессине күбө да болгон. Буюрса, алдыда жакшы пландарыбыз бар. Жакшы ырлар болсо аткарам", - дейт ал.

Элзада Насипбекова 2019-жылы алгачкы ырын жаздырып, туугандарынын жакшылыгында ырдап чыккан. Учурда анын репертуарында "Сен болгондо", "Өзүн бил" деген ырлары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aika2013
2020-12-10 13:09:57
Ар бир кыз,келин,аялзаты,апалар бактылуу болушсун! Эльзада кызыбыз да бактылуу болсун,чыгармачылык ийгилик, коп коп уул кыздуу болсун!
+13
Aidan_Ek
2020-12-10 15:04:35
Бактын ачылып, барган жеринден агарып когор.
+9
Raihan0602
2020-12-10 18:38:29
Нурлан Насиптин эжесиби
+4
mirkaa5182
2020-12-10 18:43:59
Бактылуу бол Элзада Мусаева, окуп жүргөндө фамилиясы Мусаева болчу.
+2
rola
2020-12-10 19:07:44
mirkaa5182,Насипбекова десе элдерге таанылыш онойда.
+3
ika8086
2020-12-10 19:03:40
ар бир аял заты бактылуу болууга,таянар жолдошу болсо,уйундо ызылдаган балдары болсо,жылуу жумшак уйу болсо,жакындары жанында болсо,ыйманы болсо кандай бакыт!Ар бир аял бактылуу болсун.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан