Жалал-Абадда 40 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси батирден табылды

Жалал-Абад шаарында 40 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси батирден табылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 9-декабрь күнү саат 13:14тө куткаруучулар Барпы-Сейил көчөсүндө жайгашкан №77 үйүнүн батиринин жабылып калган каалгасын ачышып, батирдин ичинен 1980-жылы туулган эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Маркумдун жансыз денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилгенин мекемеден кабарлашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан