Ысык-Көл облусунда атасынын өлүмүнө шектелип маркумдун уулу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы билдирди.
Белгилүү болгондой, 9-декабрь күнү Ысык-Көл РИИБине Ананьево айылындагы үйлөрдүн биринде киши колдуу каза болгон улгайган кишинин дансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Окуя болгон жерге райондук милициянын ыкчам тергөө тобу барып, өлгөн адамга сырттан кароо жүргүзгөндө анын башы катуу нерсе менен жанчылгандыгы аныкталган. Каза болгон жаран ушул эле айылдын 74 жаштагы К.Д. аттуу тургуну болуп чыкты. Бардык тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлгөндөн кийин маркумдун сөөгү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү үчүн райондук ооруканага жеткирилген.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене (Киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Оор кылмыштын бетин тез арада ачуу максатында жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында 41 жаштагы К.С. аттуу жаран колго түшүрүлдү. Кылмышка шектүү каза болгон адамдын баласы, Ананьево айылынын тургуну экени белгилүү болду. Алгачкы суракта ал күнөөсүн толугу менен моюнга алып, атасы менен уруша кеткенден улам аны бейсболдук таяк менен сабагандыгын билдирген. Далил зат катары андан бейсболдук таяк алынды.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда", - дешти мекемеден.