Баткенде жеңил унаа жолдон чыгып айдоочусу каза болду. Машинанын ичинен баңгизаты табылды

Баткенде жеңил унаа жолдон чыгып, унаанын айдоочусу каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-декабрь күнү Баткен районунун Жаңы-Жер айылы аркылуу өтүүчү Ош-Исфана унаа жолунун 221-чакырымында Hyundai Solaris унаасы жолдон чыгып кетип айдоочусу ошол жерден каза болгон. Окуя болгон жерден унаанын техникалык паспорту жана айдоочулук күбөлүгү табылып, айдоочу Жалал-Абад облусунун 31 жаштагы А.Ж. аттуу тургуну экендиги аныкталган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында унаага кароо жүргүзгөндө унаанын арткы жүк салгычынан кызыл-кара түстөгү баштык табылган. Баштыктын ичинен 3 даана атайын целлофан баштыкка оролгон өзгөчө жыты бар, болжол менен жалпы салмагы 3 килограмм болгон баңгизатына окшогон зат табылган.

Алынган баңгизатка экспертиза дайындалып, экспертизанын корутундусунда гашиш баңгизаты экендиги аныкталган. Азыркы учурда бул иштер боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан