Жети-Өгүз райондук милиция кызматкерлери тарабынан Кызыл-Суу, Оргочор жана Ак-Кочкор айылдарынын аймагында тургундардын малдарын уурдашкан шектүү адамдар кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-ноябрдан 7-декабрга чейинки аралыкта белгисиз адамдар тарабынан Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу, Оргочор жана Ак-Кочкор айылдарынын талааларында, жергиликтүү тургундардын кароосуз жайылып жүргөн 9 баш бээси жана 9 кулуну уурдалган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Тергөө иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү адамдар кармалды. Кармалган адамдар, Тилекмат айылынын 47 жаштагы М.Т аттуу тургуну жана Кызыл-Суу айылынын 34 жаштагы Ш.А. аттуу тургуну болуп чыкты. Алгачкы берген көрсөтмөлөрүндө, алар күнөөлөрүн толугу менен моюндарына алышып, уурдалган малдарды базар баасынан төмөн баада соодалап жүрүшкөнүн айтышты. Далил зат катары уурдалган малдар кайтарылды. Кылмышка шектүү катары кармалышкан адамдар 6 жолу мал уурулук кылышканы аныкталды. Келтирилген зыяндын жалпы баасы 950 миӊ сомду түздү", - деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланууда.