Сокулукта чоң суммадагы акчаны алдамчылык менен алып, из жашырган 31 жаштагы аял кармалды

Чүйдүн Сокулук районунда алдамчылыкка шектелген 31 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Сокулук районунун Д.Ж. аттуу жараны арыз менен кайрылып, 2019-жылдан баштап 2020-жылга чейин, ар кандай шылтоолор жана алдамчылык жол менен ишенимге кирген "Айгерим" аттуу чала тааныш аялга чара көрүүнү суранган. Анда шектүү 485 миң 800 сомду ээлеп алып, андан кийин белгисиз тарапка качып кеткенин билдирген. Мындан тышкары, ушул жылдын башында Сокулук РИИБине дагы ушул сыяктуу арыз келип түшкөн. Анда дагы "Айгерим" аттуу аял арыз ээсинен 630 миң суммасындагы акчаны ээлеп алгандыгы, андан кийин ал дайынсыз жоголгону жазылган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында шектүү катары 31 жаштагы K.A. аттуу аял кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бүгүнкү күндө жогоруда аталган жаранга карата 10 арыз келип түшкөн. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эгерде шектүү аялдын аракеттеринен жабыркаган жарандар болсо төмөнкү телефон номерлерге кайрылып коюну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону: 0312 60-75-67, 0705 00-50-49.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан