Бишкекте жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Патрулдук милициянын маалыматына ылайык, окуя 7-декабрда саат 11:30дар чамасында орун алган.

Анда Бишкектин Лев Толстой көчөсүндөгү жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан жөө адамды айдоочу сүзүп, токтобой кетип калган.

"Кырсыктын кесепетинен 2000-жылы туулган М.Б. аттуу жаран жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Окуяны иликтөө иштеринин жүрүшүндө айдоочу 1977-жылы У.А.Э. экени аныкталды. Патрулдук милициянын кызматкерлери айдоочуну кармап, тергөөгө алып келишти. Ал эми унаа айып аянтчасына токтотулду.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан