Чүйдө 2 башка уурулук фактысына шектелген жарандар кармалды

Чүйдө электр жабдыктарын уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-декабрь күнү Москва РИИБине жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анда Ак-Суу айылында жайгашкан кампадан Али аттуу жумушчу электрондук жабдууларды уурдап, белгисиз жакка из жашырып кеткени айтылган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене (уурулук) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары 45 жаштагы Д.А. аттуу жаран кармалган. Мындан тышкары Москва РИИБинин кызматкерлери тарабынан Ак-Суу айылында жайгашкан батирлердин биринен акча жана алтын буюмдарды уурдоого шектелген 35 жаштагы Т.С аттуу жаран кармалып, 33 миң сомдон ашык материалдык чыгым келтирилгени аныкталды", - деп жазылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки процесстер улантылууда

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан