Чүйдө катталган жол кырсыгынан 2 адам жаракат алды

Чүй облусунда катталган автокырсыктан 2 адам жаракат алды. ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришкендей, жол кырсыгы Москва районунун Петровка айылында катталган.

"10-декабрь күнү саат 06:40 чамасында Мереседес-Бенц унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши жабыркаган (аты-жөндөрү такталууда).

Жерине тартылган куткаруучулар жабыркаган жарандарды унаадан чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан