Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда аң уулоо режиминин талаптарын бузган жарандар аныкталды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзгөн шаары, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын экологиялык коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча инспекторлору тарабынан мыйзамсыз аң уулоо жана балык корлорун коргоо максатында атайын рейд жүргүзүлгөн.
"Рейд учурунда Өзгөн районунун Кара-Шоро - Мырза-Аке автоунаа жолунан ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү, Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Этер айылынын И.Б. аттуу тургуну токтотулган. Текшерүүдө анын автоунаасынан табылган баштыкчадан кекиликтер чыккан, жарандын жанында ок атуучу курал же башка аңчылык кылуучу куралдар табылган эмес. Кекиликтерди тузак коюлуп кармагандыгы аныкталган.
Бул факт боюнча “Бузуулар жөнүндөгү” кодекстин негизинде 12 миң 500 сом айып пул салынып жана жаныбарлар дүйнөсүнө келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн 4 миң сом доо коюлду", - деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары жарандарга аң уулоо режимдеринин талаптарын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.