Бүгүн, 11-декабрда Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндөгү жылуулук өткөрүүчү түтүктүн жанынан эркек кишинин жансыз денеси табылганын ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашкан. Мекемеден каза болгон жарандын аты-жөнү такталып жатканын кошумчалашкан.
Кийинчерээк, маркум аял киши экенин, ал таанылгыс болуп калганын Ош ШИИБинин маалымат катчысы кабарлады.
"10-декабрь күнү саат 14:34тө Масалиев көчөсүндөгү жылуулук өткөрүүчү түтүктүн жанынан белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшүп, жерине ыкчам тергөө тобу барган. Анда денеси карарып кеткен аялдын жансыз денесин аныкташкан. Эксперттердин катышуусунда каза болгон жарандын денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, алдын-ала анын 2-3 ай жатып калганы айтылды. Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, маркумдун аты-жөнүн аныктоо иштери жүргүзүлүүдө", - дейт маалымат катчы.