Ысык-Көл облусунда жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 11-декабрь күнү саат 20:19да Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 2 жарым баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Түп районунун Кутургу, Кичи-Өрүктү, Ак-Булуң айылдарында 3,5 балл, Түп, Шаты айылдарында 3 балл, Ысык-Көл районунун Ананьево айылында 4 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.