УКМК 11-декабрда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү болгон 31 жаштагы С.Б.ны кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү баңгизатын колдонгону боюнча сотко чейинки өндүрүштө кармалган.
"Шектүү "Женго" каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновдун жакын адамдарынын бири. Анын жашаган жерине тинтүү жүргүзгөндө баштыктан өзгөчө жыты зат табылган. Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында ал баңгизат болуп чыккан. Шектүү СИЗОго киргизилип, тийиштүү иш-аракеттер аткарылууда", - деп билдирет басма сөз кызматынан.