Рэп аткаруучу Добрдын атасы каза болду. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Атабыздан айрылдык. Биз үчүн ашыгы менен баарын кылдыңыз, сизге ыраазыбыз ата. Татыктуу эң мыкты ата болуп бердиңиз", - деп жазган ырчы.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Добрдын атасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.