Бишкекте милициянын кайгуул кызматы унаанын терезесин талкалаган жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-декабрь күнү болжол менен саат 02:20 “102” кызматына Абдумомунов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен унаанын терезесин талкалап кетти деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке барган милициянын кайгуул кызматы Тойота Ипсум унаасын белгисиз жаран талкалап кеткендигин аныкташкан. Ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыштын изи сууй электе, кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган А.Б. аттуу жаранды кармашып, Биринчи Май райондук тергөө кызматына өткөрүп беришкен.
Учурда тергөө иштери уланууда.