Жалал-Абад шаарында уурдалган унаа айдоо талаадан табылды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-декабрь күнү милицияга Жалал-Абад шаарынын тургуну үйүнүн алдынан Хонда-Фит үлгүсүндөгү унаасын белгисиз жарандар уурдап кеткендиги тууралуу арыз түшкөн.
Аталган факты Жалал-Абад ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери жүргүзүлүп жаткан.
Бүгүн, 13-декабрь күнү аталган унаа Сузак райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек-Ош унаа жолундагы айдоо талаадан табылган. Унаанын оң жак арткы эшигинин айнектери сынык болгон.
Алдын ала маалыматтарга караганда кылмышкерлер айнегин сындырып, унааны айдап кетишкен. Азыркы учурда тийиштүү документтер чогултулуп Сузак райондук тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.