Актёр, режиссёр Бакыт Осмонкановдун үйүндө толуктоо болуп, ал үчүнчү ирет ата макамын алды. Актёрдун жубайы бүгүн, 13-декабрда борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарды.
"Пандемия шартында төрөтканага ашык адамдарды киргизбей жатканына байланыштуу төрөткө катышкан жокмун. Эне-баланын абалы жакшы. Уулубуз 3 килограмм 500 грамм салмакта төрөлүп, бою 52 сантиметр болду.
Азырынча балабызга ысым тандап жатабыз", - дейт ал.
Бакыт Осмонканов 2013-жылы сүйүктүүсү Жылдыз айымга баш кошкон. Түгөйлөр буга чейин бир уул, бир кызды тарбиялап келишкен.