10-декабрда акча каражатын мыйзамсыз алуу фактысы менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын мурдагы башчысы кармалганы маалымдалган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан Таиров Б.Д.ны 2-февралга чейин камакка алуу чечими чыкты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, Биринчи Май райондук соту 11-декабрда Таиров Б.Д.ны 2021-жылдын 2-февралына чейин СИЗО-1ге камакка алуу чечимин чыгарды.
Бакир Таиров Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси болуп 2018-жылдын апрель айында дайындалган. Ал аталган кызматтан ушул жылдын октябрь айында алынып, ордуна Сыймык Жапыкеев дайындалган.