Ошто Өзбекстандан контрабанда жолу менен товар ташыган жүк ташуучу унаа кармалды

Ошто Өзбекстандан контрабанда жолу менен товар ташыган жүк ташуучу унаа кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан кабарлады.

Маалым болгондой, аталган кылмыш ишине кызмат адамдарынын тиешеси бар экендиги аныкталган.

"Каржы полициясынын Ош шаарындагы башкармалыгы тарабынан системалуу түрдө күнүмдүк колдонуучу товарларды контрабанда жолу менен ташуу фактысы аныкталып, Вольво үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалды. Факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Учурда кылмыш ишине тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо жана мамлекеттик бюджетке келтирилген чыгымдын ордун толтуруу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zhaynak
2020-12-14 11:16:35
Даф деген унааны вольво деп калганбы азыр
+2
aslonur
2020-12-14 11:19:02
zhaynak, + без номер жүрүп келген го
0
zamir_kgz
2020-12-14 12:05:53
Постановка же конкуренцияны жоготуу болушу мумкун. Эгинин жыйнап, малдарын жайыттан кайтарып алышкандан кийин чекараны кучотуу режимине коюп коюшат Озбекстан тараптын пайдасына.
+2
maratbek88.88
2020-12-15 00:03:45
Биздин айылда кундо кечинде нагла эле камаздарды граница алып барып жук откорушотко солдарга акча берип эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан