Кыргыз өлкөсүндө ири алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран Москва шаарынан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кармалган жаран Ош облусунун С.Ш. аттуу тургуну. 2015-жылы жогорудагы жаран тааныштарынын ишенимине кирип, алдоо жолу менен акчасын алып, дайынсыз болуп кеткен. Жабырлануучунун мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында 2 миллион 350 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген", - деп жазылат билдирүүдө.
Учурда бул окуя боюнча Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө кабарланды. Кармалган жаранга карата мыйзам чегинде жоопко тартуу чаралары көрүлөт.