Бишкектеги Дэн Сяопин көчөсүндө жайгашкан дөңгөлөк саткан дүкөндөрдүн биринде чыккан мушташтын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мушташтын катышуучулары аймактык ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, окуя "бейбаштык" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
"Окуянын катышуучуларынын бири П.Р. арыз жазып, 2 жаран аны сабагандыгын билдирди. Экспертизанын жыйынтыгынын негизинде 16 жаштагы Б.Н. жана 30 жаштагы Ж.Э.нин иш-аракеттерине юридикалык баа берилет. Алар иликтөө иштеринин жүрүшүндө тергөө кызматына келүүгө милдеттендирилди", - деп айтылат маалыматта.
Эскертүү! Видеодо сөгүнгөн сөздөр бар.