Кечээ, 14-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун финалдык беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө старт алды.
Мелдешке 63 килограмм салмак ченинде катышкан кыргыз балбаны Калы Сулайманов коло байге үчүн азербайжандык Талеха Маммадов менен кез келип, 7:5 эсебинде ишенимдүү түрдө жеңишке жетишти. Муну менен Калы Сулайманов Кыргыз өлкөсүнүн капчыгына үчүнчү медалды алып келди. Азаматсың, Калы!
Буга чейин 72 килограмм салмак ченинде Руслан Царев коло жана 60 килограмм салмак ченинде Жоламан Шаршенбеков алтын медаль жеңип алган.