Бишкекте эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-ноябрь күнү болжол менен саат 11:50дө Фрунзе жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишинде кебетеси азиялык болгон болжолдуу 40-45 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Маркумдун өзгөчө белгилери: бою 175 сантиметр, чачы кара, арыкчырай дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: кара кепка, көк спорттук кийим жана көк жынсы шым.
Милиция кызматкерлери сүрөттөгү адамдын аты-жөнүн аныктоого көмөктөшүүңүздөрдү өтүнөт. Ал тууралуу кандайдыр бир маалымат тапсаңыз, төмөнкү телефондор аркылуу байланышып коюңуздар: 0 (312) 352-605, 0 (551) 102-129 жана 102 номерине.