Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Жогорку Соттун судьясынын бир топ байлыктары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жогорку Соттун судьясы О.К.Т. тарабынан мыйзамсыз баюу фактылары аныкталып, чогулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинде (мыйзамсыз баюу) каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүү башталган.
Такталган маалымат боюнча, О.К.Т. өзүнүн жеке кызыкчылыктарын ишке ашырып, мыйзамсыз баюу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн мүлкүн, кирешелерин жана чыгашаларын декларациялоого милдеттүү экендигине карабай, ошол эле учурда тиешелүү киреше булактары жок болсо дагы көптөгөн кыймылсыз мүлктөрдү сатып алган. Алардын арасында VIP-шаарчадагы элиталык кыймылсыз мүлктөр, алдыңкы курулуш компанияларынан батирлер, Ысык-Көлдүн жээгиндеги престиждүү пансионаттардан коттедждер, соода борборлорунда коммерциялык объектилер жана люкс-класстагы автоунаалар бар. Аны менен бирге «О.К.Т.» жана анын жакын туугандары БАЭ, Түркия, Азия жана АКШдагы курорттук аймактарына байма-бай каттап турганы аныкталды", - деп жазылат билдирүүдө.
Судья О.К.Т. мыйзамсыз тапкан кыймылсыз мүлктөрүнүн изин жашыруу максатында тиешелүү органдарда атуулдук-укуктук келишимдерди жүргүзгөндүгүн каттабай, айрым учурларда керектүү сатык келишимдерин башка киреше булактары жок болгон жарандарга каттатып келген.
Ошондой эле сотко чейинки териштирүүнүн алкагында О.К.Т. коммерциялык ишканалардын бирине биргелешкен ишкерлик жүргүзүү максатында декларацияда көрсөтүлбөгөн 150 миң АКШ долларынан ашык акча каражаттарын берген.