Салмагы 4 килограмм 236 граммды түзгөн. Чүйдө унаа менен баңгизат алып бара жаткан жарандар кармалды

Унаасы менен баңгизат ташыган жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

"Москва районунун Петровка айылында Хонда-Фит унаасы токтотулуп, 22 жаштагы Э.Б. аттуу айдоочу жана 25 жаштагы Т.Т. аттуу жүргүнчү кармалган. Текшерүү учурунда унаадан жүргүнчүгө таандык, салмагы 21,58 граммды түзгөн кара куурайдын жыты бар зат табылган. Ал эми унаанын багажын текшергенде, азык-түлүк салынган баштыктардын арасынан айдоочуга таандык 9 таңгак "брикет" табылган. Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, табылган заттар гашиш экени, жалпы салмагы 4 килограмм 236 граммды түзөрү аныкталды. Айдоочу менен жүргүнчү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан