Бишкекте автоунаанын дөңгөлөгүн бычак менен жарууга аракет кылганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 14-декабрда милициянын кайгуул кызматы бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 10:00 чамасында Байтик баатыр жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен эки жаран мушташып жаткандыгын көрүшкөн. Кайгуул кызматкерлери урушту токтотуп, тактоо иштерин жүргүзүү учурунда жол жээгинде токтоп турган автоунаанын дөңгөлөгүн белгисиз жаран бычак менен жарууга, ошол учурда унаанын айдоочусу келген учурда ага да күч колдонгонго аракет кылган.
"Кылмыш изи сууй электе шектүү катары 1986-жылы туулган А.Ш. аттуу жаран кармалып, Свердлов РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - дешти мекемеден.