Кыргызстандык спортчулар 30-октябрда Орусиянын Рязань шаарында өтүүчү бильярддын “эркин пирамида” түрү боюнча 18 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу шаардык бильярд мектебинин директору Константин Коробов билдирет. Кыргызстандан аталган мелдешке 9 кий чеберинин катышуусу күтүлүүдө. Эске салсак, сентябрь арасында чоңдор арасында өткөн бильярддын “эркин пирамида” түрү боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык спортчулар медаль жеңе алган эмес.